super.kg logo

Жылнаама, 19-сентябрь: Мындан 32 жыл мурун жазышууда эмоцияны билдирүү үчүн быйтыкчаларды колдонуу сунушталган

 
* Мындан 32 жыл мурун, 1982-жылы Карнеги-Меллон университетинин профессору Скотт Фалман интернет тармагында жазышууда эмоцияны билдирүү үчүн быйтыкчаларды колдонууну сунуштаган. Алгач катары менен кош чекит ":", тире "-" жана жабылган кашааны ")" колдонуп күлгөн эмоцияны көрсөтүү сунушун киргизген. Бул электрондук лексикага киргизилген маанилүү жаңычылдык болгон. 
* Мындан 23 жыл мурун, 1991-жылы ырчы Минюра Рахимжанова Таластын Покровка айылында туулган. М.Күрөңкеев атындагы музыкалык училищеде окуган. Учурда (2014-ж.) Улуттук консерваториянын 4-курсунун студенти. Биринчи жолу Жамиля Муратованын жеке концертинде "Сен кат жаздың" ырын аткарып, ошол ыры менен популярдуулукка жеткен.
* Мындан 29 жыл мурун, 1985-жылы Мехикодо күчү 8,1 баллга жеткен зилзала болгон. 9 миңден ашык киши каза болуп, 30 миңден ашууну ар кандай жараат алса, 95 миң киши үй-жайсыз калган. 
* Мындан 86 жыл мурун, 1928-жылы Нью-Йоркто биринчи ирет "Микки Маус" мультфильминин бет ачары болгон.  
19-сентябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар. 

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: