super.kg logo

Бишкекте "Бий мелдеш" сынагында "Санжыра" жана ”Жаз” бий топтору баш байгеге ээ болушту

 
Иш-чаранын алып баруучусу.
"Бий мелдеш" сынагынын калыстар тобу.
Сынактын уюштуруучусу Самара Cагынбаева иш-чаранын максаты кыргыз бийин жайылтуу экенин белгиледи.
"Санжыра" бий тобу техникалык чеберчилиги менен көрүүчүлөрдүн колдоосуна арзышты.
"Жаз" бий тобу кыргыздын "Талма", "Сынма" бийлерин мыкты деңгээлде аткарып беришти.
"Эксклюзив" бий тобу аппак кийимдери менен өзгөчөлөнүштү.
Көрүүчүлөр кыйкырып сүрөп турушту.
"Салимар" бий тобу "Кыз кыял" бий тобу менен мелдешти.
"Кыз кыял" бий тобу
Финалга чыккан "Санжыра" жана "Жаз" бий топтору өнөрлөрүн тартуулап жатышат.
Бул иш-чарага конок катары чакырылган кытайлык манасчы Жусуп Мамайдын чөбөрөсү Тургунаалы "Жалын бийин" бийледи.
Сынакка келген көрүүчүлөр да өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Бий сүйүүчүлөрүнүн арасында өз өнөрүн тартуулаган эң улуу айым.
Бий сынактын жүрүшүнөн.
"Кара жорго" бийин бийлеп көпчүлүктү таң калтырган кичинекей Нурпери.
"Кара жорго" бийин бийлеп чыккан сынактын кичинекей катышуучулары.
Бөбөктөрдүн бийи калыстар тобунун купулуна толду.
Жеңүүчүлөргө планшет тапшырылды.

Бүгүн, 18-сентябрда Бишкектеги соода борборлорунун биринде кыргыздын "Ийин бий", "Талма", "Жалын бий" жана "Шылкылдама" бийлери боюнча “Бий мелдеш” аттуу сынак өткөрүлдү. Сынакта “Санжыра”, Жаз”, “Эксклюзив”, "Кыз кыял" жана "Салимар" бий топтору ат салышып, бийлөө техникасындагы чеберчиликтерин калыстар тобунун сынына коюшту. Алардын өнөрлөрүн БААУнун (АУЦА) өкүлү Динара Орозбаева, “We’ll be” бий тобунун бийчиси жана башкалар баалашты. 

Бул иш-чарага конок катары чакырылган кытайлык манасчы Жусуп Мамайдын чөбөрөсү Тургунаалы, "Назик", “Кара жорго №1” бий топтору бийлеп беришти. Жеңүүчүлөрдү көрүүчүлөр жана калыстар аныктап, финалга чыккан “Санжыра” жана "Жаз" бий топтору биринчиликти багындырышып, баш байгеге коюлган планшеттерге ээ болушту. Ошондой эле келген көрүүчүлөрдүн арасынан чыккан бий сүйүүчүлөрү өз таланттарын тартуулашып, элдин колдоосуна арзышты.

Сынактын максаты - кыргызда “Кара жорго” бийинен сырткары "Ийин бий", "Сынма", "Талма", "Жалын бий", "Шылкылдама", "Так теке" өндүү жыйырмадан ашуун бий бар экенин элге жеткирүү менен кыргыз бий маданиятын жаштарга жайылтуу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.09.2014. 04:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Приз ото чонго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: