super.kg logo
  Саясат  

Дыйкандарга жыл башынан бери 4,6 миллиард сом жеңилдетилген насыя берилди

 
Кыргызстанда 2014-жылдын 19-сентябрына карата пайыздык чендерди субсидиялоонун негизинде коммерциялык банктар тарабынан фермерлерге жалпы суммасы 4 миллиард 625 миллион 536 миң сом жеңилдетилген насыя берилди. Муну бүгүн Каржы министрлиги билдирди. Айта кетсек, аталган долбоордун алкагында коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансылык мекемелердин каражаттары өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгын өнүктүрүү, айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү, үрөн жана асыл тукум чарбалары, айыл чарба кооперативдери үчүн товар өндүрүүчүлөргө 2014-жылдын ичинде жеңилдетилген чен боюнча берилип жатканын билдирет мекеме.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: