"Ар-намыс" маданият министрлигине талапкер кылып Алтынбек Максүтовду сунуштады

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Алтынбек Максүтов (сүрөттө) жалгыз талапкер болуп тандалды. Мындай чечим бүгүн, 19-сентябрда "Ар-намыс" фракциясынын жыйынында кабыл алынды. Муну бизге депутат Турсунбай Бакир уулу билдирди. Эми Максүтовдун талапкерлиги кийинки аптада парламенттин жалпы жыйынына сунушталмакчы. Айта кетсек, аталган кызматка алгач 13 талапкер сунушталган. Түрдүү себептер менен алардын бешөө тизмеден алынып, фракция жыйынында 8 талапкердин программасы угулду. Добуш берүүдө 2-турга Урмат Усенов, Жылдыз Бакашова жана Алтынбек Максүтов чыккан эле.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Алтынбек Максүтов:
1972-жылы, 13-октябрда туулган.
Улуту - кыргыз.
Билими - жогорку. Москвадан Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайды аяктаган.
Учурда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын башкы режиссёру.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

