super.kg logo

Жылнаама, 22-сентябрь: 14 жыл мурун акциялардын арзандашына байланыштуу "Майкрософттун" жетекчиси Билл Гейтстин байлыгы 22 миллиард долларга азайган

 
* Мындан 11 жыл мурун, 2003-жылы орусиялык базаны Кант аба майданында жайгаштыруу маселеси оң чечилген. Президент Аскар Акаевдин Москвага жасаган сапары маалында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуп, башка маанилүү келишимдерге кол коюлган.
* Мындан 67 жыл мурун, 1947-жылы кыргыз балеринасы, СССРдин Эл артисти Айсулуу Токомбаева Бишкек шаарында туулган. Ленинграддагы А.Я.Ваганова атындагы Мамлекеттик академиялык хореографиялык окуу жайын бүтүргөн. 1966-1995-жылдары А.Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында балет бийчиси болуп иштеген. Анын репертуарында дүйнөлүк классикалык жана кыргыз балеттеринин башкы партиялары бар. П.И.Чайковскийдин "Ак куу көлү", "Уйкудагы сулуу", А.Адандын "Жизель", Л.Минкустун "Дон Кихот", М.Раухвергердин "Чолпон", В.Власовдун "Асел", К.Молдобасановдун "Саманчынын жолу", "Манкурттар баяны", У.Мусаевдин "Томирик", К.Молчановдун "Макбет" жана башка балеттерде башкы партияларды жогорку чеберчиликте аткарган.
* Мындан 14 жыл мурун, 2000-жылы акциялардын арзандашына байланыштуу "Майкрософт" компаниясынын жетекчиси Билл Гейтстин байлыгы 22 миллиард долларга азайган. Бирок ал калган 63 миллиард акчасы менен деле дүйнөнүн эң бай адамы деген ордунан козголгон эмес. 
* Мындан 63 жыл мурун, 1951-жылы Швецияда коомдук жайларда өбүшүүгө тыюу салынган. 
22-сентябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар. 

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: