Кыргызстанда төрөттөн 9 айдын ичинде 58 аял каза тапты
2012-жылдын 9 ай аралыгында Кыргызстанда төрөттөн кийин 58 эне каза болгон.
Бул тууралуу КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги Жалал-Абад облусундагы көчмө
жыйынында билдирди. Жалал-Абад облусу боюнча 12 аял каза болсо, анын 8и облустук
оорукананын төрөт бөлүмүндө катталган. Ош облусу менен Ош шаарында 16 өлүм
катталса, Ысык-Көл облусу боюнча 8 эне төрөттүн айынан жашоо менен кош айтышкан. Министрлик
белгилегендей, өлүмдүн себептеринин бири болуп энелердин ден соолугунун начардыгы саналат.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2026-02-13
12:9
2026-02-13
11:05
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















