super.kg logo
  Саясат  

Октябрда облус башчылары, Бишкек менен Оштун мэрлери өкмөттө отчёт беришет

 

Быйыл октябрда облус башчылары, Бишкек жана Ош шаарынын мэрлери өкмөттө отчёт беришет. Муну өкмөттүн 19-сентябрдагы жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. “Дүйшөмбү күнү вице-премьер-министрлер жана өкмөт мүчөлөрү, облус кураторлору абалды жеринде иликтөө үчүн аймактарга чыгышат. Алардын корутундулары жана ыйгарым укуктуу өкүлдөр менен Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин сунуштаган отчётторунун жыйынтыгы боюнча алардын ишмердүүлүгүнө баа берилет",- деди өкмөт башчы. Оторбаев билдиргендей, 9 айдын жыйынтыгы боюнча октябрь айында ыйгарым укуктуу өкүлдөр жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин иш пландарынын аткарылышы боюнча өзүнчө өкмөт жыйыны өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: