Саякбай Каралаевдин 120 жылдык мааракесине карата белгилүү 7 манасчы 7 күн тынбай "Манас" айтышат



26-сентябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Өлөң айылында залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдык мааракесине карата иш-чара өтөт. Анда улуттук ат оюндары, кыргыз күрөш жана маданий программалар орун алат. Байгеге боз үй, автоунаа жана башка кызыктыруучу сыйлыктар коюлган. Бул тууралуу “Саякбай манасчы” коомдук фондунун башчысы Дөөлөт Сыдыков кабарлады.
Кошумчалай кетсек, буга чейин 18-25-сентябрь аралыгында элге таанымал белгилүү жети манасчынын Саякбай Каралаев аян алган жерде жети күн тынбай "Манас" айтары маалымдалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
1

Бул манасчылар символикалуу түрдө алышкан го, а негизи мурда залкар манасчылар 7 күндөн көп, айлап айтышкан да. Ал манасчынын айтуучулук дареметине байланыштуу, күчтүү, залкар манасчылар токтобой айтышат, токтотуп же кандайдыр бир тоскоолдук болсо ал ооруп калышы мүмкүн болгон.
А кайсы бир жылы, жакынкы жылдарда эле Тарых музейинин жанында да айтышкан, канча күн экенин эстей албай жатам, бирок 7 күндөн көп болчу...