super.kg logo
  Саясат  

Ишенбай Кадырбеков: "467 миң шайлоочусу бар Чүйдөн парламентте 10 гана депутат бар, бул туура эмес"

 
Жогорку Кеңештеги партиялардын кайсы бир райондон депутаты жок болуп калышы туура эмес. Муну 22-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков партиялык тизме аркылуу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун тартибин өзгөртө турган мыйзам долбоору талкууланган коомдук угууда айтты. Кадырбеков КСДПнын Талас облусунан депутаты жок экенин мисал келтирди. "467 миң шайлоочусу бар Чүй облусунан парламентте 10 депутат бар, 59 гана миң шайлоочусу бар Алайдан да парламентте 10 депутат бар. Ысык-Көл облусу боюнча парламентте 5 эле депутат бар",- деп билдирди БШК өкүлү.  
Парламентте депутаты жок райондун жарандары арыз-муңун кимге айтышты билбей жатканын кошумчалады Кадырбеков.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: