Алмазбек Атамбаев Армениянын Эгемендүүлүк күнү менен президент Серж Саргсянды куттуктады
Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-сентябрда Армениянын президенти Серж Саргсянды өлкөсүнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Муну президенттик аппараттан билдиришти. Өлкө башчы куттуктоосунда Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы салттуу достук мамиле мындан ары да динамикалуу өнүгөрүнө ишеничин билдирди. Армения лидерине бекем ден соолук, бакубатчылык, армян элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

