super.kg logo
  Саясат  

Баткендин Бешкент айылындагы жер тилкелерин жарандар эми жеке менчикке же ижарага алышса болот

 

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Бешкент айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык менчикте турган жер тилкелерине менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобо иштелип, айылдык кеңештин сессиясында бекитилди. Жобого ылайык, жарандар эми муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин жеке менчикке же ижарага белгиленген тартипте ала алышарын Бешкент айылдык кеңешинин төрагасы Орифхожа Бахавидинов билдирди. Бекитилген жобонун шарттары Юстиция министрлиги тарабынан катталгандан тартып өз күчүнө кирет. Жер тилкелери ижарага төмөндөгүдөй мөөнөттө берилет:

- кыска мөөнөттүү - 5 жылга чейин;

- орто мөөнөттүү – 15 жылга чейин;

- узак мөөнөттүү – 50 жылга чейин (49 жылды кошо эсептегенде).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: