super.kg logo
  Саясат  

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Коомдук байкоочу кеңешинин жаңы курамына сынак жарыяланды

 

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Коомдук байкоочу кеңешинин жаңы курамына сынак жарыяланды. Муну 22-сентябрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Байкоочу кеңештин курамы 11 адамдан турат. Президенттин 2013-жылдын 3-июнундагы "Мамлекеттик органдардын алдындагы Коомдук байкоочу кеңештердин ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө" жарлыгына ылайык, Коомдук байкоочу кеңештердин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2013-жылдын 31-декабрына чейин узартылган.

"Азыркы учурда Коомдук байкоочу кеңештердин мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссия коомчулуктун, коммерциялык эмес уюмдардын, илимий чөйрөлөрдүн, бизнес-ассоциациялардын, кесиптик жана тармактык союздардын, эксперттик коомдоштуктун өкүлдөрүнөн, министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун ишине аралашкан чөйрөлөрдөн бир катар мамлекеттик органдардын, анын ичинде ММК фондунун алдындагы Коомдук байкоочу кеңештердин жаңы курамына тандоо үчүн сынак жарыяланды.

Сынакка катышуу үчүн документтер бул кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып бир айдын ичинде төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

Почта дареги: 720003, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү-207 (“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадр иштери бөлүмүнө” деген белги менен), же электрондук почтага (PDF форматында бир файл менен көлөмү 5 МВдан ашык эмес) төмөнкү дарек боюнча: jumaliev@mail.gov.kg “сынакка” деген белги жана конкреттүү мамлекеттик органды көрсөтүү менен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: