super.kg logo
  Саясат  

ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков Швейцария Конфедерациясынын Кантондор кеңешинин президенти Ханс Альтерр менен жолугушту

 
ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн Швейцария Конфедерациясынын Кантондор кеңешинин Президенти Ханс Альтерр менен жолугушту. Жолугушууга ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Бахтияр Кадыров жана Швейцария тараптан бир катар жогорку кызмат өкүлдөрү катышты. Асылбек Жээнбеков сөз арасында быйыл Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 20 жыл толгондугун белгиледи. “Бул мааракелик жылда Кыргызстанга Швейцария элчилигинин ачылышы кыргыз-швед мамилелеринин тарыхында белгилүү окуялардын бири болуп калат. Мындай кадамды биз Кыргызстанда болуп жаткан демократиялык процесстерди колдоо катары баалайбыз”,- деди төрага. Ал эми Швейцария Конфедерациясынын Кантондор кеңешинин президенти Ханс Альтерр: “Мен мааракелик жылда Кыргызстанга иш сапар менен келгениме жана ошондой эле Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигин ачуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонума кубанычтамын”,- деп билдирди. Ошондой эле Асылбек Жээнбековду Швейцарияга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: