Валерий Диль: "Бишкек шаары кышка даяр"
Вице-премьер-министр Валерий Диль 22-сентябрда Бишкек шаарынын кышка даярдыгын текшерип чыкты. Өкмөттөн билдиришкендей, вице-премьер 4 от казандын, "Абдыкалыков" көмөк чордонунун, мектеп, бала бакчалардын иши менен таанышты. Мугалимдер мектептерде кышка даярдык көрүү иштери аяктаганын билдиришти. Ала-Тоо конушуна барган Диль "Газпром Кыргызстан" ишканасынын өкүлүнө борбор шаардагы 22 конушка газ жеткирүү долбоорун карап чыгууну сунуштады. Иш сапары учурунда Диль: "Биз быйыл 2,3 миллиард киловатт-саат электр энергиясын үнөмдөшүбүз керек. Бүгүн от казандарды көрүп, Бишкек быйылкы кышка даяр экенин билдим. Шаар кышка даярдык көрүү ишин план боюнча жүргүзүүдө",- деп билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

