super.kg logo
  Саясат  

Мелис Турганбаев: “Митингге чыккандарды кармап кетишибизди эл колдоп жатат ”

 

Бүгүн, 23-сентябрда парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында Мелис Турганбаевди ички иштер министрлигине бекитип берүү боюнча өкмөттүн сунушу каралууда. Мелис Турганбаев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, милиция митингге чыккандарды кармап кеткенде митингдерден тажап бүткөн эл милициянын аракетин колдоп жатканын айтты.

“Митингге чыккандар башка адамдарга тоскоолдук жаратышат. Аларды кармап жатканыбызды эл колдоп жатат. Чынын айтыш керек, бишкектиктер митингдерден тажап бүтүштү. Украинаны көрүп жатасыңар, тынчтык митинг деп аягы согуш менен аяктап жатат. Мындан ары да митингдерди көзөмөлгө алам. Бирок мындай иштердин баарына мен жооп бербейм”,- деди Турганбаев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: