Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин чек арадан Бажы кызматы алынат
Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин кыргыз-кытай чек арасынан башка чек ара тилкелеринен Бажы кызматы алынат. Бул тууралуу өкмөткө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адамкул Жунусов 23-сентябрда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында айтты. Анын айтымында, Бажы кызматы тарабынан кыргыз-кытай чек арасы гана көзөмөлдөнөт. “Бажы кызматы алынганы менен, чек арачылар ордуларында иштеп кала беришет. Бирок бажы кызматкерлеринин саны кыскарбайт, алар башка тилкелерге барып иштешет”,- деди Жунусов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

