super.kg logo
  Саясат  

“Санкт-Петербург-Ош” аба каттамында баратып, учактын ичинде кыргыз келини көз жарды

 

“Санкт-Петербург-Ош” аба каттамында баратып, учактын ичинде Гүлдана аттуу кыргыз келини көз жарды. Бул учурда учак жерден 10 миң метр бийиктикте болгон. Борттун ичиндеги бул төрөттү экипаждын командири Алексей Романюк кабыл алганын орусиялык авиакомпаниялардын бири интернет аркылуу жарыялады. “Санкт-Петербург шаарынан Ош шаарын көздөй бара жаткан учактын борт коштоочусу, борттогу жол баштагыч Татьяна Маргого бир жүргүнчү оор абалда экенин маалымдаган. Жыйынтыгында борттон дарыгерлерди издеп жаткан маалда Алексей төрөтү башталган Гүлданага орун даярдап, кесипкөйлүк жардамын көрсөттү”,- деп билдирет авиакомпания. Жаңы төрөлгөн ымыркайдын атын Алексей деп экипаж командиринин атынан аташканы белгилүү болду. Учак жерге конгон соң эне-бала ооруканага жиберилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: