super.kg logo
  Саясат  

“Акча бөлүнбөй жатса Ички иштер министрлигинде кайдагы реформа?” дейт Мелис Турганбаев

 

Ички иштер министрлигине акча бөлүнбөй жатса кайдагы реформа?”- деди ички иштер министринин милдетин аткаруучу Мелис Турганбаев. Ал бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында айтты.

Депутаттар Турганбаевден Ички иштер министрлиги бир топ жылдан бери эле “реформа жүргүзөбүз” деп келет. Бирок реформа аягына чыкпай койду. Бул чөйрөнү эң жакшы билесиз. Реформаны бир министр баштаса, экинчиси келип токтотуп коёт. Реформанын жүрбөй жатышына эмне тоскоолдуктар болуп жатат?”- деп сурашты.  

Турганбаев: “Акча бөлүнбөй жатса кайдагы реформа? Бул жерде эң негизги маселе - каржы. Орусия Ички иштер министрлигине реформа кылды, 2 миллиард доллар кетти. Техникалары, имараттары жана башкаларынын баары өз орду менен болду. А бизге акча бөлүнбөй жатпайбы”,- деди Турганбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: