super.kg logo
  Саясат  

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев өзүн кызматка дайындоого Жогорку Кеңештин спикери кийлигишпегенин айтты

 
Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев 23-сентябрда маалымат жыйын берип, өзүнүн дарегине айтылган сындарды четке какты. "Спикер Асылбек Жээнбековдун менин кызматка дайындалышыма тиешеси жок",- деп билдирди муфтий. Токтомушев быйылкы ажылык сапарды уюштуруу ишиндеги каржы маселелери боюнча эч кандай көйгөй жок экенин, баары пландагыдай жүрүп жатканын айтты. 
Эскерте кетсек, кечээ, 22-сентябрда айрым укук коргоочулар муфтийдин экстремисттик уюмга мүчө экенин, бул кызматка аны парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков дайындаганын айтып чыгышкан эле. Бул боюнча спикердин басма сөз катчысы да маалымат берип, "төрага Асылбек Жээнбеков муфтияттын кадрдык ишине кийлигишкен эмес жана кийлигише албайт" деп билдирген. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: