super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көл облусунда кышка даярдык начар

 
9 айлыктын жыйынтыгы боюнча облус, район башчыларына жекече баа берилет. Муну биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Ысык-Көл облусундагы иш сапарында айтты. Сарпашев кышка даярдык көрүү боюнча жергиликтүү бийлик начар иштеп жатканын белгилеп, 15-октябрга чейин бардык отун базаларын жана социалдык мекемелерди тийиштүү өлчөмдө көмүр менен камсыздоо тапшырмасын бергенин өкмөттөн билдиришти. "Облус калкына жалпы 98 миң тонна көмүр керек. Бүгүнкү күндө отун базаларында бул көлөмдүн 50 пайызы гана бар. Билим берүү мекемелерине 5300 тонна көмүр керек болсо, учурда мектептердин 50 пайызына гана көмүр жеткирилди. Электр энергиясынан отун менен жылытуу системине өтүү боюнча эч нерсе жасалган эмес. Тоң районунан көрдүм, мектептин жаңы имараты электр энергиясы менен, ал эми эски бөлүгү көмүр менен жылытылат экен. Экөөнүн аралыгы 10 эле метр. Ушунча жылдан бери аким же айыл өкмөтү 10 метр түтүк улап, мектептин экинчи бөлүгүн да көмүр менен жылытууга өткөрүп коюшкан эмес",- деген Сарпашев октябрда өкмөттүк жыйын өтүп, анда айрым жетекчилерге жекече баа бериле турганын эскертти.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: