super.kg logo
  Саясат  

Маданият министрлигине талапкер Алтынбек Максүтов: "Өкмөт башчы менен жолугушуп, министрликтеги көйгөйлөр боюнча сүйлөштүм"

 

Бүгүн, 23-сентябрда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев маданият, маалымат жана туризм министрлигине талапкер Алтынбек Максүтовду кабыл алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Максүтов өзү билдирди.

Жолугушууда премьер-министр аны министрликке талапкер катары жактырганын айтты. “Өкмөт башчы менен бир саатка чукул сүйлөшүп, министрликтин орчундуу делген маселелерин талкууладык. Ал Маданият министрлиги чыгармачыл эмес, саясий кызмат, чечкиндүү чараларды кабыл алып, министрликтин азыркы көйгөйлөрүнөн арылтуу керек” деди. Мен да бул чөйрөнүн ички, тышкы маселелерин жакшы түшүнө турганымды айтып, министр болуп калсам, сөзсүз түрдө көйгөйлөр чечиле турганына убада бердим”,- дейт Максүтов. Андан сырткары биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев жана вице-премьер Эльвира Сариева менен да жолугушуп, пикир алышканын кошумчалады.   

Айта кетсек, 19-сентябрда “Ар-намыс” фракциясы маданият, маалымат жана туризм министри кызматына Алтынбек Максүтовду жалгыз талапкер кылып тандаган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: