super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: "Өз тилибизди бапестеп күтүүгө, аны азыркы заман талабы менен айкалыштыра билүүгө тийишпиз"

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 23-сентябрда кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады. Спикердин куттуктоосу төмөндө:

“Урматтуу мекендештер!

Жогорку Кеңештин атынан Мамлекеттик тил күнү – мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын кабыл алынганынын 25 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм! Улутту улут кылган элдин нарк-насили, көөнө маданияты жана тарых-таржымалы эне тилден башат алат. Мамлекеттик тил – эгемен мамлекеттин эң башкы белгилеринин бири. Быйыл мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программа иштелип чыкты, анда кыргыз тилин мындан ары өнүктүрүүгө багытталган чечкиндүү чаралар каралды. Анын негизинде кыргыз тили өлкөбүздө жашаган бардык этносторду маданий, руханий жактан жакындаштырып, ынтымакты, биримдикти бекемдөө милдетин аткарат.

Биз өз тилибизди бапестеп күтүүгө, аны азыркы заман талабы менен айкалыштыра билүүгө тийишпиз. Ал улам кийинки муундун жан дүйнөсүн жаңыртып, өз элин барктап-баалап өсүүгө өбөлгө түзөт. Биз, кыргызстандыктар, өзүбүздүн мамлекеттик тилибиз менен сыймыктанабыз". 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: