super.kg logo
  Саясат  

Төрөбай Зулпукаров "өкмөт бир катар мыйзамдардын ички жоболорун иштеп чыгууну кечиктирип жатат" деди

 

“Өкмөт тарабынан бир катар мыйзамдардын ички жоболорунун, аткаруу механизмдеринин иштелип чыгышы кечиктирилип жатат”,- деп билдирди вице-спикер Төрөбай Зулпукаров бүгүн, 23-сентябрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде. Зулпукаров Жогорку Кеңештин демилгеси менен 19-сентябрда өкмөт жыйынында парламент кабыл алган мыйзам, токтом-чечимдердин аткарылышы тууралуу маселе каралып, 35 мыйзамдын аткарылышы боюнча маселе көтөргөндүгүн белгиледи.

Анын айтымында, 2011-2013-жылдар мезгилинде 35 мыйзамдын ичинен өкмөт тарабынан кабыл алынбаган токтомдордун жалпы саны 14тү түзөт, булар боюнча жоболорду жана эрежелерди кабыл алуу боюнча тийиштүү түрдөгү комплекстүү иш-чаралар жок.

Мындан сырткары депутат, дүйнөлүк практикага ылайык, мыйзам долбоорлорунун 85-90 пайызы өкмөт тарабынан сунушталарын белгилеп, кабыл алынган мыйзамдардын сапаттуу болушу үчүн мыйзам долбоорлору өкмөт тарабынан сунушталса деген пикирин айтты.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: