super.kg logo
  Саясат  

“Кийинки парламенттик шайлоонун астында партиялар бири-бири менен биригүүсү зарыл” дейт адис

 

Бүгүн, 23-сентябрда “Шайлоо-2015: Жаңы үмүттөр” маалымат жыйынында саясий илимдердин доктору Аалыбек Акунов: “Келе жаткан парламенттик шайлоонун астында саясий партиялар бири-бири менен биригүү зарылчылыгын түшүнүп жатышат”,- деп билдирди. Анын айтымында, 2010-жылкы шайлоодо айрым партиялар алган добуштардын басымдуу бөлүгүн түштүктөн алса, башкалары түндүктөн алышкан. “Жаңы парламентке кирүүгө ниеттенген өсүп келе жаткан партиялар муну билип туруп бири-бири менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү толугу мүмкүн. Шайлоого чейин бир жыл калды. Партиялар өз программаларын канчалык эртерээк сунуштап тааныштырып башташса, ошончолук коомчулук аларды толугураак түшүнүп, тандоого жакшы негиз түзүлөт”,- деди ал.

Мындан тышкары Акунов: "Кыргызстанда шайлоо келе жатканда мыйзамды өзгөртүүлөр орун алат. Улам жаңы эрежелер киргизилет. Мисалы, Аскар Акаевдин учурунда Конституцияны өзгөртүшкөн. Кийин эмне болгонуна күбө болгонбуз. 2007-жылкы шайлоонун астында да мыйзам өзгөртүлгөн. Ар дайым ушундай татаалдаштыруу киргизилип келет. Бийликтегилер “ушинтпесек болбой калды” деген шылтоосун айтышчу. Азыр деле мындай көрүнүштү байкап жатабыз. 2015-жылкы парламенттик шайлоону эч кандай өзгөртүүлөрсүз өткөрсөк жакшы болмок”,- деп кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: