super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков Сауд Арабия парламентинин спикерин Падышалыктын жарыяланган күнү менен куттуктады

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Сауд Арабия Падышалыгынын Аш-Шура Мажилисинин төрагасы Абдалла бин Мухаммад Аль аш-Шейхке улуттук майрамы – Сауд Арабия Падышалыгынын жарыяланган күнүнө карата куттуктоо телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана өзүмдүн атымдан сизди улуттук майрам – Сауд Арабия Падышалыгынын жарыяланган күнү менен куттуктайм. Акыркы жылдары Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабиянын ортосундагы мамилелердин жогорку деңгээлге чыкканын баса белгилөө зарыл. Ошол эле учурда биздин мамлекеттерибиздин ортосунда кызматташуу боюнча мүмкүнчүлүктөр чоң. Эки тараптуу мамилелерде өзгөчө орунду ээлеген парламенттер аралык байланыштарды бекемдөөнү биргелешкен күч-аракет менен улантабыз деген ниеттемин” деп айтылат спикердин куттуктоосунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: