Бүгүн Мирбек Атабеков менен Мээримдин үйлөнүү тою болот





Бүгүн, 23-сентябрда бир нече хит ырлардын аткаруучусу, "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча “Заманыбыздын супер ырчы мырзасы” Мирбек Атабеков сүйүктүүсү Мээрим менен жакындарына заманбап үйлөнүү той беришет. Көптөн күткөн жаштардын үйлөнүү тою кечинде Бишкектеги ресторандардын биринде өтмөкчү. Ырчы мырзанын продюсери Канат Култаевдин айтымында, той көптөгөн кызыктар менен коштолуп, ага кыргыз эстрада жылдыздары да күбө болушат.
Эске салсак, Мирбек өткөн жылы 16-декабрь күнү сүйүктүүсүнө сөйкө салып, кыргыздын каада-салты менен үйүнө алып келген. Ырчы мырзанын тою тууралуу кененирээк "Супер-Инфо" гезитинин 26-сентябрда чыга турган №621-санына даярдалган эксклюзивдүү фоторепортаждан окуй аласыздар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
9

Сөзсүз болот. Жакын арада "Медиа-портал" бөлүмүнөн көрө аласыздар.
Astynardy bala, artynardy mal bassyn!!!
Сунушуңузга рахмат. Аракет кылабыз.