super.kg logo
  Саясат  

"Президенттин “өкмөттө "чоочун" министрлер иштеп жатышат” деген сөзүнө өкмөт жооп бериши керек" дешти депутаттар

 

Президент Алмазбек Атамбаев 31-августта “өкмөттө "чоочун" министрлер иштеп жүрүшөт” деп айтты. Андай болсо өкмөт бизге жооп бериш керек, “биз "чоочундар" менен коштошуп баштадык” деп”,- дейт депутат Мыктыбек Абдылдаев. Депутат бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйынында билдирди.

Мейли, президент айткандай, өкмөттө кимдер “чоочун” экенине премьер-министр жооп берсин. Азырынча эки министр отставкага кетти. Эгер алар "чоочун" болсо, Оторбаев жооп берсин, “биз "чоочундар" менен коштошо баштадык” деп. Эгерде дагы бар болсо айтсын”,- деди Абдылдаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: