super.kg logo
  Саясат  

“Кыргызстанда партияларга болгон терс мамиле жалпы бийликке өтүп кетиши мүмкүн” дейт саясий серепчи

 

“Кыргызстандагы партияларга карата терс мамиле болуп жатканы байкалууда”,- деди бүгүн, 23-сентябрда “Шайлоо-2015: Жаңы үмүттөр” тегерек столдун жүрүшүндө профессор Алмазбек Акматалиев. Анын айтымында, партияларга болгон терс мамиле коркунучтуу таасир этиши мүмкүн. “Мындай көрүнүш адистер мактаган парламенттик системге терс мамиле алып келе алат. Мындан улам коом жалпы бийликке ишеничин жоготуп алышы мүмкүн. Ошондуктан муну изилдеп чыгуу керек. Себеби мындай тенденция кандай жыйынтыктарга алып келерин эч ким билбейт”,- деп түшүндүрдү ал.

Мындан тышкары Акматалиев коомчулукта “өлкөгө кожоюн керек”, “Кыргызстанда кайра президенттик системди киргизиш керек” деген сөздөр айтылып жаткандыгын белгиледи. “2015-жылга чейин туруктуу түшүнүктүү эрежелер керек. Партиялар кандай систем менен иштөө керек экендигин билиши зарыл”,- деп кошумчалады адис.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: