super.kg logo
  Саясат  

Акыйкатчы Бакыт Аманбаев “бизге келген конокторду имараттын ажатканасына киргизгенден уялып жатам” дейт

 

Акыйкатчы институтунун имаратында оор кырдаал түзүлдү. Бул тууралуу акыйкатчы Бакыт Аманбаев парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин 23-сентябрдагы жыйынында айтып чыкты. Аманбаев комитет отурумунда аппараттын бир катар көйгөйлөрүн атады. “Мамлекеттик органдарга кайрылып жооп ала албай калган жарандар акыйкаттык издеп бизге келишет. Кайсы жерде кыйноо болуп жатса, биз ошол жерде күнү-түнү иштейбиз. Тилекке каршы, бизде бир топ көйгөйлөр бар. Кызматкерлердин маяналары башка мамлекеттик органдардын айлыктарына караганда 3 эсе аз, 2008-жылдан бери премия, 13-айлык албай келишет. Биз сыяктуу органдар эчак эле айлыктарын көтөрүп алышкан. Биздики ошол бойдон калып калган",- дейт Аманбаев.

Акыйкатчы институтунун имаратынын абалы оор экенине токтолуп: "Имаратыбыз 1972-жылдан бери оңдоодон өтө элек. Бизге чет элден көптөгөн коноктор келет, бирок мен аларды имараттын ичиндеги ажатканага киргизгенден уялып жатам. Кыштын күнү айнектер, эшиктер жабылбайт. Компьютерлерибиз эскирип, эски интернет байланышы менен отурабыз”,- деди Аманбаев.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: