Абдырахман Маматалиев Баткендеги Көк-Таш - Ак-Сай унаа жолунун курулушун көрдү
Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев бүгүн, 23-сентябрда Баткен облусундагы Көк-Таш — Ак-Сай жана Рават – Ак-Сай унаа жолунун курулушун көрүп чыкты. Өкмөт өкүлү Ак-Сай айылында Тажикстандын транспорт министринин биринчи орун басары Шерали Ганжалзода менен жолугушуп, аймакка курулуп жаткан жол жана көпүрөлөр тууралуу пикир алышты. "Маматалиев Баткен облусунда эки күндүк иш сапары менен жүрөт. Максаты – калкты жана тармактарды кыш мезгилине даярдоо боюнча облустук жана райондук штабдардын ишин көзөмөлдөө",- деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

