super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар "Көмүрдүн баасы 11 миң сомго чыгып кетпейби?" деп тынчсызданышууда

 

Бүгүн, 24-сентябрда парламент жыйынында депутаттар көмүрдүн баасы боюнча жооп берүүсү үчүн тиешелүү жетекчилерди парламентке чакырышууда. Айтымдарында, көмүрдүн баасы күндөн-күнгө жогорулап жатат. “Мамлекеттик геология агенттигинин, Монополияга каршы аракеттенүү агенттигинин жетекчилерин бул жерге чакырып, көмүрдүн баасы боюнча жообун угалы. Азыр көмүрдүн баасы 6-7 миң сом болуп жатат, эгерде катуу суук түшчү болсо, 11 миң сом болуп кетиши мүмкүн”,- дешти депутаттар.

Спикер Асылбек Жээнбеков бул боюнча өткөн жумада өкмөт жетиштүү жооп бергенин айтып, күн тартибине киргизе албай турганын билдирди. “Көмүрдүн баасын ылдыйлатуу, ага көзөмөл кылуу боюнча бир пункт менен бекитип, токтом кабыл алдык. Эгерде өкмөттүн жооп берүүсүн кааласаңыздар, эртең дагы келишет, ошондо жооп ала аласыздар”,- деди Жээнбеков.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: