super.kg logo
  Саясат  

Чиновниктердин жардамчыларын мамлекеттик кызматка дайындоого байланышкан мыйзам долбоору каралууда

 

Бүгүн, 24-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды. Мыйзам долбоору аракеттеги мыйзамдагы кемчиликтерди жоюу жана саясий кызматтагы адамдардын кеңешчилерин жана жардамчыларынын мамлекеттик кызматка дайындалуусун мамлекеттик кызматтын негизги принциптерине туура келтирүүгө, ошондой эле кадрлар резерви менен байланышкан маселелерди иреттөөгө багытталган. Мамлекеттик кызматка кирүүдө тең укуктуулук принцибинин бузулушун алдын алуу жагы каралган. Мыйзамдагы мамлекеттик органдардын статс-катчыларынын кызмат ордуна талапкерлерди сунуш кылуу ченеми алынып салынып, сынактык негизде тандалары белгиленгени айтылды.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: