super.kg logo
  Саясат  

Парламенттин тармактык комитети Бажы биримдигине кирүүгө байланышкан 16 мыйзам долбоорун жактырды

 
Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 23-сентябрда Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине байланышкан 16 мыйзам долбоорун карады. Комитет төрагасы Карганбек Самаков: "Бажы биримдигинин оң жана терс жактары боюнча комитеттин дарегине абдан көп кайрылуулар түшүүдө. Ошондуктан мамлекеттик органдардын, ишкерлер ассоциацияларынын кеңири өкүлчүлүгүн чакырып, ийри отуруп, түз кеңешели деп жыйын өткөрүп жатабыз",- деп билдирди.

Сунушталган мыйзам долбоорлору - Бажы биримдигинин талаптарына ылайык келтирүү максатында сунушталып жаткан документтер. Экономика министри Темир Сариев Бажы биримдигине кошулуунун оң-терс жактарына токтолуу менен депутаттарга сунушталып жаткан мыйзам долбоорлорунун маңызын чечмелеп берди. 

"Бүгүнкү күндө Бажы биримдигине кошулуу боюнча саясий чечим кабыл алынып, жол картасы бекитилген. Эми 2015-жылдын башына чейин мыйзамдарды Бажы биримдигинин талаптарына дал келтирүү милдети турат. Бажы биримдигине кошулуу менен соода-сатык жүргүзүүнүн, өндүрүштүн, бажы катнашынын тартиби өзгөрөт",- деди министр. 

Жыйында ишкерлер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, фискалдык тармактын эксперттери өз сунуштарын айтышып, 16 мыйзам долбоору комитет тарабынан жактырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: