super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар “мамлекет партияларды каржылагандан көрө үңкүрдө жашап жаткан үй-бүлөлөрдү каржылашы керек” дешти

 

"Мамлекет саясий партияларды каржылагандан көрө үңкүрдө жашап жаткан үй-бүлөлөрдү каржылаш керек". Бул тууралуу депутат Дамира Ниязалиева ЖКнын 24-сентябрдагы отурумунда партияларды мамлекеттин эсебинен каржылоого багытталган мыйзам долбоору каралып жатканда айтты. Анын айтымында, Чүй облусунда бир үй-бүлө төрт жылдан бери үңкүрдө жашап жатат.    

Биз азыр “партияларды мамлекеттин эсебинен каржылоо керек” деп жатабыз. Бирок азыр элдин шартын көрүп жатасыздарбы, баары кымбаттап, эл кыйналууда. Чүйдө бир аял балдары менен үңкүрдө жашап жатыптыр. Партияларды каржылагандан көрө ошого окшогондорго жардам бербейлиби?..”- деди Ниязалиева.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Абдыжапар Бекматов: Саясий партияларды каржылоону бүгүн болбосо, эки-үч жылдан кийин ишке ашырса болот”,- деп жооп берди.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: