Эльвира Сариева: "Үй-бүлө - коомдун негизги институту"
24-сентябрь - Үй-бүлө, ишенич жана ынтымак күнүнө карата вице-премьер-министр Эльвира Сариева кыргызстандыктарды куттуктады.
"Үй-бүлө - коомдун негизги институту, туруктуулук менен өнүгүү фактору. Үй-бүлө бар үчүн мамлекет бекемделет. Үй-бүлө, ишенич жана ынтымак майрамы шарттуу түрдө биринчи жолу 2012-жылы белгиленген. Мамлекеттин үй-бүлөлүк саясатынын максаты - коомдун негизги туткасы катары үй-бүлөлөрдүн ролун жогорулатууга негиз түзүү, үй-бүлөлөрдүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, балдарды өстүрүү" деп башталган куттуктоодо үй-бүлөнүн коомдогу орду тууралуу сөз болот.
Сариева кыргызстандыктарга бекем ден соолук, бакыт, сүйүү каалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

