Казакстандын Алматы облусунда аскер учагы кулап түштү

Казакстандын Алматы облусунда өлкөнүн Коргоо министрлигинин Су-27 аскердик учагы кулап түштү. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда Казакстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы чет элдик ММКларга билдирди.
Маалыматта "23-сентябрь күнү саат 23:00дө аскер учагы менен болгон байланыш үзүлүп, бир нече убакыттан соң Коксуск районундагы Жаналык айылына жакын аймакка кулап түшкөн. Учак ичинде экипаж мүчөлөрү: подполковник Е.Ж.Науанов жана подполковник Д.И.Горбунов болгон. Бирок алар кырсык болгон жерде жок болууда" деп айтылат.
Учурда кырсык болгон жерде издөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Маалыматты тактаганга аракет кылабыз.