Нарын районундагы Чалкак кичи жайлоосунда кытайлык фирманын жез казуусуна тургундар катуу каршылык көрсөтүүдө
Нарын районундагы Чалкак кичи жайлоосунда кытайлык фирманын жез казуусуна тургундар катуу каршылык көрсөтүүдө. Мындай маалыматты бүгүн, 24-сентябрда Нарын районунун Жан-Булак айылынын тургундары SUPER.KG порталына кабарлашты.
Алардын билдиргенине караганда, Чалкак кичи жайлоосунда жез бар экени аныкталган. Жер аталган айыл өкмөттүн карамагында. “Айылга келе турган экологиялык зыяндардан улам биз каршы болуп жатабыз. Фирма болсо түрдүү сунуштарды айтып, кагаздарды таратып жатат. Биздин билишибизче, бир канча кишинин колу коюлган соң жез казууга уруксат берилет. Элдин көбү буга каршы”,- деп билдиришти тургундар.
Ал эми өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө байланышып, ушундай маселе болуп жатканынан кабар алдык. “Негизи, айыл өкмөттүн карамагындагы жерге айыл өкмөтү өзү жооптуу. Аталган жайлоодо жайгашкан Ала-Мышык чокусунда жез бар экени Совет мезгилинде эле аныкталган. Фирма айыл тургундары уруксат бергенге чейин ишин баштай албайт. Ошондуктан фирма менен айыл тургундары эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анан жыйынтык чыгарышат”,- деп билдиришти өкүлчүлүктөн. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:30
2025-07-07

19:43
2025-07-07

18:53
2025-07-07

Рейтинг:
0

Комментарийлер(6)
LEDI7MERI

24.09.2014. 16:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тура. Бербегиле. Базары бир кытайлар эле КОРОТ пайдасын. Коюп койсок,качандыр бир кезде эл башына чыныгы президент келгенде,озубуз учун пайдаланабыз.
Ozonekg

24.09.2014. 20:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
LEDI7MERI, сага кошулам
baiysh0704

24.09.2014. 16:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул кытайлар биздин кен байлыктарды туготмой болушту го,эми Ошто Кара кулжага цемент завод курганы жатышат.Элге жерге аябагандай зыяны тийет го,тар дарыянын эн башына.
D.U.P

24.09.2014. 19:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жанды гана чыгардыда ушу чондор сатып туготуштуго баарын эртен энесин сатышабыкен
Ozonekg

24.09.2014. 20:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
10% берип 90% ин алып кетет. Кийинкиликти ойлойлу.
gul-jana2

25.09.2014. 09:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин айылдаштарым намыска бекем турат деп ишенем. Жок дегенде өзүбүз мекендеген жерге ээ болсунчу эл! Ал жакта жез эле эмес андан башка да кен байлык толтура. АгаХан университет салам деп ансыз деле бир тоону тыптыйпыл кылып касып салды. Оордуна Терек-Суудан таза суу тарттырып айылды камсыз кылабыз дешкен, дайын жок. Ала-Мышык тоосунун боорунда 100дөгөн жылдардан бери Тянь-Шань карагайы каптап турат. Аларга зыян келсе эле экология канча зыян тартат???
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.