super.kg logo
  Саясат  

Министр Динара Сагынбаева кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды

 

Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева кызматынан кетүү тууралуу арыз жазды.

Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда өздүк булактарыбыз маалымдады. Сагынбаева бул кызматка 2011-жылдын 24-декабрында өлкө башчынын буйругу менен дайындалган.

Айта кетсек, акыркы күндөрү Сагынбаевага абдан көп сын айтылып келген. "Мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин ден соолугунун начарлашы тууралуу медициналык корутундунун берилишине көпчүлүк депутаттар ушул министрди күнөөлөгөн. Бул боюнча Батукаевге байланыштуу ишти иликтеген депутаттык комиссиянын чечиминде да айтылган. Мындан сырткары тармакта реформа жасай албаганы үчүн министрге сындар жаап келген. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: