super.kg logo
  Саясат  

Асия Сасыкбаева Түрк-Америка федерациясынын делегациясы менен жолугушту

 

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева 24-сентябрда АКШнын Орто Батышындагы вице-президенти Билал Экшили башында турган Түрк-Америка федерациясынын делегациясы менен жолугушту. Вице-спикер делегация өкүлдөрүнө ар жылы өткөрүлүп жаткан Кыргыз-Америка экономикалык форумунун 2-жыйынын уюштуруп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. “Мындай форумдар АКШнын жана башка өлкөлөрдүн коомчулугуна Кыргызстан, анын парламенттик демократияны өнүктүрүүдөгү жетишкендиктери жөнүндө кеңири маалымат берүү менен Кыргызстан-Америка мамилелерин өнүктүрүүгө өз салымын кошот. Өлкөлөр ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт”,- дейт Сасыкбаева. 

Билал Экшили кыргыз-америка экономикалык форумуна болгон даярдыктарга канааттангандыгын айтты. “Биз мындан ары дагы бул багыттагы иштерди өткөрө алабыз деп ишенебиз”,- дейт ал.

Жолугушууда билим берүү жаатындагы кызматташтык маселеси да талкууга алынды. Сасыкбаева студенттерди, окутуучуларды жана илимий чөйрөнүн кызматкерлерин өз ара алмашып туруу аракеттерин жандандыруу сунушун берди. 

Маалымат үчүн: 2013-жылдын 20-ноябрында Вашингтон шаарында Жогорку Кеңештин депутаттарынын, Кыргызстандын бизнес шериктештигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда ар жылдык Кыргыз-Америка бизнес форуму өткөн. Бизнести сүрөө жаатында 200 өкүл, анын ичинде эки өлкөнүн парламенттин, мамлекеттик органдардын, жеке сектордун, академиялык чөйрөнүн, ошондой эле эл аралык, коомдук, изилдөө-талдоочулук институттарынын өкүлдөрү катышкан бул форум ири иш-чаралардын бири болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: