super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар Орусияда эмгектенген мигранттардын айдоочулук күбөлүктөрү жараксыз болуп жатканын айтышты

 

Депутат Турсунбай Бакир уулу бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Орусияда эмгектенген мигранттардын айдоочулук күбөлүктөрү боюнча маселелерди көтөрүп чыкты.

Анын айтымында, Орусияда иштеген кыргызстандык айдоочулардын айдоочулук күбөлүктөрү жараксыз болууда. 

Мага мигранттар айдоочулук күбөлүктөрү боюнча байма-бай кайрылып жатышат. Алардын айтымында, Орусия унаа айдоого Кыргызстандын күбөлүктөрү жараксыз деп жумуштарынан айдап жатыптыр. Ушул маселени өкмөт жакшыраак көңүл буруп, чечип берүүсүн талап кылам. Анткени, билесиздер, мигранттардын көпчүлүгү маршрут, автобус, такси айдап эмгектенип келишет”,- деди Бакир уулу. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: