"Кеминдеги көзөмөл таразасынан мыйзамсыз алынган акчанын учу Бишкекке чейин жетип жатат" дейт депутат Узакбаев
Жогорку Кеңештин 25-сентябрдагы жыйынында депутат Талант Узакбаев өкмөттүн жер-жерлерде жүк ташыган автоунааларын текшерүү үчүн көзөмөл таразаларын орнотуу демилгесин колдой турганын айтты. Бирок алардын иши көзөмөлдөн четте калганын белгилейт депутат. Кеминдеги көзөмөл таразасынын ишин мисал келтирди. "Кеминде көзөмөл таразасынан өтүү үчүн кезекте турган жүк ташуучу унаалар арбын болот. Жүк ченемден ашык экенине карабай, анда иштеген кызматкерлер акча алгандан кийин баары бир өткөрө бере турганын айдоочулар айтышты. Мыйзамсыз топтолгон акча ошол кызматкерлердин өзүндө калбайт, ал акчанын учу ушу Бишкекке чейин жетип жатканы түшүнүктүү. Шашылыш чара көрбөсө болбойт",- дейт Узакбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

