super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар “өкмөт тоо-кен компанияларынан түшчү төлөмдү бөлүштүрүү тартибин иштеп чыга элек” дешти

 

Өкмөт тарабынан ушул кезге чейин тоо-кен компанияларынан түшчү төлөмдү бөлүштүрүү тартиби иштелип чыга элек. Бул тууралуу парламенттин 25-сентябрдагы жыйынында депутат Мирлан Бакиров билдирди.

Анын айтымында, эчак эле мыйзам кабыл алынганына карабастан, өкмөт тарабынан ушул кезге чейин жергиликтүү бюджетке тоо-кен иштетүү компанияларынан түшчү 2 пайыздык төлөмдү бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жобо иштелип чыга элек.

Бул маселе жаатында Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун 5 депутаты кайрылганын билдирди.

2013-жылы 2 пайыздык төлөм жөнүндөгү мыйзамга райондук жана облустук өнүктүрүү фонддорун түзүү боюнча түзөтүү киргизилген. Ошондон улам жергиликтүү кеңештер 2014-жылдын бюджетин 2 пайыздык төлөмдөрдү эске алуу менен бекиткен. Анда көптөгөн социалдык багыттагы объектилердин долбоорлору камтылган. Эми аны кайсы каражатка курары белгисиз. Ал эми акимдер менен казыналык ал каражаттын 80 пайызын районго же облуска берүү талабын коюп жатыптыр”,- деди эл өкүлү 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: