super.kg logo
  Саясат  

"Өкмөт 3 фазаларды өчүрүп жарандардын укугун бузуп жатат" дейт депутат Жумабеков

 

Жогорку Кеңештин 25-сентябрдагы жыйынында депутат Дастан Жумабеков өкмөттүн электр энергиясынын баасын көтөрүү, 3 фазалуу электр жылыткычтарын өчүрүү демилгесине каршы чыкты. "Эгер керектөөчү 3 фазалуу электр кубаты үчүн киловатт-саатына 1 сом 20 тыйындан төлөөгө макул болсо, анда аларды өчүрүүнүн эмне кереги бар?"- дейт депутат. Жумабеков бул боюнча элде нааразычылык жаралып жатканын, алардын айткандары кайсы бир деңгээлде туура экенин белгиледи. "Өкмөт электр энергиясынын тарифин биз аныктайлы деген, аныкташты. Азыр 3 фазаларды өчүрүп, жарандардын укугун бузуп жатат",- деп кошумчалады депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: