Алматы шаарында Кыргыз тили күнү белгиленди

Казакстандын Алматы шаарында “Мурас” кыргыз этномаданият бирикмеси Кыргыз тили күнүнө карата иш-чара өткөрдү. “Замандаш” ассоциациясы бүгүн, 25-сентябрда билдиргендей, иш-чарага Алматы шаарында жашаган кыргыздар катышышты. Алар кыргыз тилинде даярдалган баяндамаларын окушуп, өз тилинде ырдап концерт беришти. Аталган бирикменин жетекчиси Руслан Мамыров: “Ар бир дем алыш күнү бул борбордо кыргыз тили боюнча сабак өткөрүлөт. Мындан тышкары балдарга улуттук аспаптарда: комуз, ооз комуз жана чопо чоордо ойноонун ыкмалары үйрөтүлүп турат. Кыргыз диаспоралары ай сайын чогулушуп, кыргыз маданиятын жана салтын жайылтуу максатында шерине уюштурушат. Биздин эң башкы максатыбыз - улуттук өзөгүбүздү жоготпоо”,- деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
datkaaiym

02.10.2014. 11:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баракелди!!азаматтар
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.