super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда 1400 медицина кызматкери жетишсиз

 
Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин отурумунда вице-премьер-министр Эльвира Сариева: "Кыргызстан боюнча 1400 медицина кызматкери жетишпей жатат",- деп билдирди. Анын айтымында, бул маселе өлкөдөгү негизги көйгөйлөрдүн бири. "Медициналык окуу жайларда бюджеттик акча каражатка окуп бүтүргөндөр чет өлкөлөргө кетип жатышат. Тиешелүү токтомго ылайык, алар 2 жыл аймактарга барып иштеш керек. Тилекке каршы, бул токтом аткарылбай жатканын байкап жатабыз",- деди Сариева.
Бүгүнкү күндө жаңы токтом иштелип жатканын белгиледи. "Учурда аны бир-эки министрлик караштырып жатат. Эгер бул токтом кабыл алынса, окуу жайды бүтүп, кесиби боюнча 2 жыл аймакта иштебеген медицина кызматкерине республиканын бюджетинен анын окуусуна 5 жыл ичинде кеткен акчаны төлөтүү милдеттендирилет",- деди вице-премьер-министр.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: