Депутаттар Эльвира Сариевага: "Сынакта утуп чыккан кишиге "министр эмес, анын орун басары бол" деп сунуштоого сизге ким укук берди?!"
Маданият министрлигине ат салышып, "Ар-намыс" фракциясындагы сынактан утуп чыккан талапкерге өкмөттөн башка сунуш түшүүдө. Муну парламенттин 25-сентябрдагы жыйынында депутат Каныбек Иманалиев айтып чыкты. Анын билдиришинче, аны өкмөткө чакырып, министрликтин орун басарлыгын сунушташууда. Иманалиев жыйында отурган вице-премьер-министр Эльвира Сариевага кайрылып "Сынакта утуп чыккан жигитти өзүңүзгө чакырып алып "министрдин орун басары бол" деп сунуштоого сизге ким укук берди?" деп суроо берди. Сариеванын буга жооп берүүсүнө жыйын жүрүшүндө мүмкүнчүлүк болбоду.
Автор: Автандил Добулбеков
Айта кетсек, фракция жыйынында маданият, маалымат жана туризм министрлигине талапкер катары Алтынбек Максүтов утуп чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

