Спикер "Батукаев 7-8 ай гана жашайт" дегендер жазаланышы керек" деди
Убагында "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин абалы оор, 7-8 ай гана жашайт" дегендер жазага тартылышы керек. Муну Жогорку Кеңештин 25-сентябрдагы жыйынында спикер Асылбек Жээнбеков айтып, бул боюнча өкмөткө сунуш айтты. "Ким болбосун жоопко тартылышы керек",- деди төрага. Жыйынга катышып жаткан башкы прокурордун орун басары Темирбек Бекмамат уулу "Батукаев ашып барса 6 ай жашайт" деген медициналык корутунду чыгарылган. Ошонун негизинде сот аны бошотту. Кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда. Батукаев тирүү, Орусияда камакта" деп билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

