Асылбек Жээнбеков өкмөткө: “Мамлекеттик гимн бир жерде 2, башка жерде 3 куплет ырдалууда, бул уят”
Жогорку Кеңештин 25-сентябрда өткөн жыйынында спикер Асылбек Жээнбеков өкмөткө: “Мамлекеттик гимн боюнча Жогорку Кеңештин токтому аткарылбай жатат, бир жерде гимндин эки куплети ырдалса, башка жерде үч куплети ырдалууда. Бул өкмөт үчүн уят”,- деп айтты. "Кечээ жакында республикалык деңгээлдеги эки иш-чара болду. Бир иш-чарада гимндин үч куплети аткарылса, экинчисинде эки куплет ырдалды. Жок дегенде ушул токтомду аткарбай жатасыздар",- деп вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевге кайрылды. "Депутат болуп турганыңызда ушул маселеге өзүңүз демилгечи болгонсуз, өкмөткө бардыңыз, бирок эч кандай аракет кылбаптырсыз”,- деди Жээнбеков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

