super.kg logo
  Саясат  

Ошто жыйын өткөрмөкчү болгон Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдрахмановду аялдар жумуртка менен уруп, кууп чыгышты

 
Бүгүн, 26-сентябрда Ош шаарында жыйын өткөрмөкчү болгон Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдрахмановду аялдар жумуртка менен уруп, залдан кууп чыгышты. Бул тууралуу депутат Равшан Жээнбеков өзүнүн интернет баракчасы аркылуу жарыялады. Жээнбеков өзүнүн пикирдештери менен өлкөнүн өнүгүүсүнүн жаңы стратегиясын Оштун жаштары менен талкууламакчы болгонун айтат. "Ошол учурда 30га жакын аял жана жигиттер ар кандай жаман сөздөрдү айтышып, жумуртка менен уруп, жыйынды үзгүлтүккө учуратышты. Мындан тышкары милиция кызматкерлери да чара көргөн жок",- деп жазды депутат.

"Ал жерден кетип, бир ресторандан жолугушууну уланталы десек аялдар ал жерге да келип чай ичирбей, дагы артыбыздан кууп жүрүшөт. Милициянын Ош ОИИБинин башчысы Сүйүн Өмүрзаковго чалып, бизди куугунтукка алган аялдарга жана бейбаштык кылып жаткан жаш жигиттерге чара көрүүсүн сурандым",- деди Жээнбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: