super.kg logo

"Тамашоу" Лигасынын “Ала-Тоо” курама командасы Казакстанда өтчү түрк тилдүү мамлекеттердин КВН сынагына аттанды

 
"Ала-Тоо" курама командасы Эрмек Нурбаев менен.
"Ала-Тоо" курама командасы.

"Тамашоу" Лигасынын “Ала-Тоо” курама командасы Казакстандын Чымкент шаарында өтчү түрк тилдүү мамлекеттердин КВН сынагына аттанды. Бул кабарды "Тамашоу" долбоорунун негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев SUPER.KG  порталына бүгүн, 26-сентябрда билдирди. Маалым болгондой, сынак 27-сентябрда өткөрүлөт. Ага Казакстан, Өзбекстан жана башка түрк тилдүү мамлекеттердин КВН курама командалары катышмакчы. Таймашка чакыруу алган мекендештер кыргыз тилинде оюн көрсөтүшөт. 

“Командалар чет өлкөгө барып, өзүлөрүн көрсөтүп турушу зарыл. Себеби башка оюнчулар менен баарлашуу аларды профессионалдык жактан өстүрөт, тажрыйба топтошот. 2010-жылдан тартып "Тамашоу" долбоорунун курама командалары Алматы, Астана, Сочиге барып өнөрүн көрсөтүп келишкен. Азыр ал жигиттер эл оозуна алынган чыгаан, көрүнүктүү инсандар болушту. “Ала-Тоо” - биздин долбоордо түзүлгөн үчүнчү курама команда. Андагы оюнчулардын келечеги кең, таланттуу балдар. Мен аларга ийгилик каалайм”,- дейт Эрмек Нурбаев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(1)
26.09.2014. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алга Кыргыз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: